16:48 15 февраля 2021

ОшТУда китепкөй окурмандар үчүн «Китеп жарманкеси» өттү

Ош технологиялык университетинде 15-февралда «Китеп жарманкеси» өттү.

Бул саамалык «Китепкөй ОшТУ» долбоорунун алкагында окуу жайдын ыктыярчылар тобу жана «Студенттик акыйкатчы» аппараты тарабынан уюштурулду. Анын негизинде жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Китепкөй адистер менен бирге окурман студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлүп жаткан бул иш-чара 16:00гө чейин уланды.

Көптөгөн китептер бүгүн өз окурмандарын тапты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть