17:43 9 марта 2021

ОГПИнин билим кербенb Чоң-Алайдагы бүтүрүүчүлөргө багыт берди

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ;огорку окуу жайга чейинки даярдоо бөлүмүнөн түзүлгөн «Мурас» кербени өзүнүн сапарын Чоң-Алай районунда улап, андагы Жекенди жана Чоң-Алай айыл өкмөттөрүндө болушту.

Кезектеги кербендин жүрүшүндө 2 күн айыл мектептерин кыдырып, 10 орто мектептин 9-10-11-классынын окуучуларына тренинг өтүп келишти. Мында кыргыз тили жана адабияты, математика жана химия предметтери боюнча атайын адистер жалпы республикалык тест тууралуу түшүнүк берип, кесипке багыт берүү боюнча тренинг өтүп, өз билимдери менен бөлүштү.

Кербендин жүрүшүндө айыл мектептеринин бир топ артыкчылыктарына жана көйгөйлөрүнө күбө болушту. Айрым мектеп жетекчилердин айтымында, мектепте ЖРТга даярдай турчу адистердин жетишсиздигинен улам окуучулардын кээ бири шаардагы атайын борборлордон даярданышат. Ал эми айрым окуучулар алдын ала ЖРТ тапшыруудан баш тартып коюшат. Анткени өздөрүнүн билиме ишенбейт жана жашоо шарттарына байланыштуу жогорку окуу жайга окуу мүмкүнчүлүгүнөн четтеп калгандары да жок эмес.

Бирок бүтүрүүчү окуучулар бийик тоолуу аймактын катаал шартына карабай, ар дайым аракетте болуп, мугалимдердин берген билиминин натыйжасы менен ата-энелердин колдоосу аркылуу тестти ийгиликтүү тапшырууга белсенип, кызуу даярданып жаткандарына күбө болдушту.

Ал эми бөлүмдүн максаты да дал ушундай алыскы аймактардагы окуучулулардын ЖОЖго окуусуна тепкич болгон ЖРТны ийгиликтүү тапшырышына көмөк көрсөтүү болуп саналат.

ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү январь айынан өз ишин баштап, кырдаалга байланыштуу офлайн (1500 сом) жана онлайн (1000 сом) түрдө группалар түзүлүп жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть