16:00 15 март 2021

ОшТУда эл аралык турнир болуп өттү

Ош технологиялык университетинде Түштүк аймактык стол теннис федерациясы менен биргеликте стол тенниси боюнча эл аралык клубдардын биринчилигинин 1-туру болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучусу, улук машыктыруучу Акыл Козуевичтин айтымында, мелдешке 9 команда катышты.

Кыргызстандын (Бишкек, Ош, Жалал- Абад, Баткен) жана Өзбекстандын (Андижан) шаарларынан келген күчтүү спортчулар күч сынашты. Бул турнирге Ош технологиялык университетинин курама командалары катышып, алдыңкы орундарды ээлешти. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 1-орунду Андижан командасы, 2-орунду Бишкек командасы, ал эми 3-орунду Ош командасы камсыз кылышты.

2-тур май айына пландаштырылган. Клубдук чемпионатта жеңүүчү команда 4 раунддун жыйынтыгы боюнча аныкталат, ал эми ар бир айлампанын жеңүүчүсү бардык жолугушууларда топтогон упайлардын саны боюнча аныкталат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть