17:14 23 марта 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде түрк тили курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификат тапшырылды

2021-жылдын 23-мартында Ысык-Көл мамлекеттик университетинде түрк тили боюнча курстарды ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Сертификат тапшыруу аземин ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев ачып, өз сөзүндө угуучуларды курсту ийгиликтүү аякташы менен куттуктап өттү.

TÖMER түрк тилин окутуу борборунун окутуучу-ыктыярчысы Мехмет Али Каплан 8 жаштан 50 жашка чейинки 49 угуучуну 3 тайпада окутту. Алардын арасында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулары, студенттери, Ысык-Көл облусундагы мектеп окуучулары жана Каракол шаарынын тургундары бар.

Аталган курс Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана TÖMER түрк тилин окутуу борборунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 2019-2020-окууу жылынан баштап Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн бекер өтүлүп келе жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть