
И.Арабаев атындагы КМУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде 23-апрелде «Үмүт, камкордук жана жоопкерчилик: миф жана чындык» темасында онлайн форматта тегерек стол уюштурулду.
Иш-чаранын максаты:
- Студенттерге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси менен белгиленген жоопкерчилик жөнүндө маалымат берүү;
- Мажбурлап никеге туруу максатында адамды уурдоонун кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү;
- Студенттердин арасында зордук-зомбулук көрүнүштөрүнөн сактануу жана алардын алдын алуу.
Иш-чарага факультеттин 1-4-курстарынын студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Жыйынтыгында тегерек стол студенттердин ар кандай суроолору, кызуу талкуусу жана сунуштары менен аяктады.
Тегерек столдун жыйынтыгында төмөндөгүдөй сунуштар айтылды:
- Адам укугун коргоо боюнча лекциялардын серияларын атайын адистердин катышуусунда уюштуруу;
- Кийинки иш-чараны студенттердин ата-энелеринин, жакындарынын катышуусу менен уюштуруу;
- Тегерек столдогу маалыматтарды бөлүшүү жана жайылтуу.