16:30 11 июня 2021

ЖАМУ Казань федералдык университети менен кызматташат

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Казань федералдык университетинин ректору баштаган делегация келип, эл аралык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу боюнча эки окуу жайдын ортосунда келишимдер түзүлдү.

Делегациянын курамында КФУнун ректору Гафуров Ильшат, сырткы байланыштар боюнча проректору Алишев Тимирхан, КФУнун ректорунун кеңешчиси Камалов Ильдар, Татарстандын Менделеев району боюнча инвестиция тартуу боюнча кенешчиси Азимов Рашит болушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар университеттердин ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу, тажрыйба алмашуу жана жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында билим берүү жана илим чөйрөсүндө, маданият жана спорт жаатында кызматташуунун мүмкүн болгон варианттарын талкуулашты.

«Мунун бардыгы эл аралык билим берүү, илим жана маданий мейкиндиктеги интеграциялык байланыштарды өнүктүрүүнүн жалпы ишинде университеттерибиздин өз ара байланышын мындан ары дагы бекемдейт. Бүгүнкү жолугушууда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдер түзүлдү. Анын алкагында эки окуу жайдын окутуучулары, студенттери тажрыйба алмашат», - деп белгиледи ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов.

КФУнун ректору Ильшат Гафуровдун айтымында, учурда билим берүү мекемесинде 87 адистик боюнча кадрлар даярдалып, 50 миң студент билим алууда. «Биздин окуу жай дүйнөлүк ЖОЖдордун рейтингин аныктоочу QS тизмесинин дүйнө жүзүндөгү алдынкы 100 окуу жайдын 38-тизмесинде турат. Билим берүү жаатында тажрыйбасы зор билим ордосу. ЖАМУ менен кызматташууда бир катар иштерди биргеликте аткарып, ийгиликтерди жаратабыз деген үмүттөмүн», - деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө фундаменталдык, прикладдык изилдөө жаатында биргелешкен илимий программаларды жана долбоорлорду түзүү, жүзөгө ашыруу, окутуучулар жамааты үчүн практика жана квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу, алдыңкы окутуучуларды консультацияга алмашуу, лекция окуу, сабактарды өткөрүү, ошондой эле аспирантура жана докторантура аркылуу илимий кадрларды даярдоо боюнча маселелер каралды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть