ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Маданият Мунарасы» долбоорунун алкагында «Тарыхый жана агроэкотуризм туруктуу өсүү жолунда: стратегиялар жана өнүгүү демилгелелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга Жогорку Кеңештин вице-спикери А.Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук илимдер академиясынын академиги Б.Мурзубраимов, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өкүлдөрү, ТюркПАнын өкүлдөрү, Евразия жазуучулар союзунун жетекчилиги жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ОшТУнун, ОшМУнун, ОшМПУ, ЖаМУнун илимпоз окумуштуулары офлайн режиминде, ал эми бир канча өлкөдөн онлайн режиминде (Түркия, Иран, Азербайжан, Малайзия ж.б.) илимпоздор катышты.
Конференциянын айрым материалдары жыйнак болуп жарык көрдү жана маалымат каражаттарында жарыяланды.
Конференциянын уюштуруучулары: Жогорку Кеңеш, луттук илимдер академиясы, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, CWARice эл аралык уюму, «Инсан» коомдук фонду жана ОшТУнун академик Б.Мурузбраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.