Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Ош технологиялык университетинде 40 жаштан жогорку аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларда эмгектенген 40 жаштан жогорку аялдар катышты.
Бул спорттук иш-чаранын негизги максаты жогорку окуу жайлар аралык ынтымакты, достукту жана биримдикти чыңдоо болуп саналат. Ошол эле учурда адамдарды дени сак жашоого чакыруу, өз өмүрлөрү үчүн ден соолугун чыңдап, мыкты жашоо образын түзүүгө чакыруу.
Мелдешке катышкан республиканын түштүк аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын арасынан 1-орунду Ош технологиялык университетинин командасы, 2-орунду Ош мамлекеттик университетинин командасы, ал эми 3-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы камсыз кылышты.
Жеңүүчүлөр ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.