Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, дене тарбия жана спорттун мыктысы Адылбек Ганиевичтин жаркын элесине арналган стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Спорттук мелдешке Ош технологиялык университетинин стол тенниси боюнча башкы машыктыруучусу Гаипов Элдияр катышып, 1-орунду камсыз кылды.
Спорттук иш-чара ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо жана адамдарды дени сак жашоого чакыруу максатында уюштурулган.