18:08 8 февраля 2022

ОшТУда окутуучулар арасында спартакиада жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде факультеттер жана структуралык бөлүмдөр аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосунда кышкы спартакиада өткөрүлдү.

Спартакиада 18-январдан 28-январга чейин окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өткөрүлдү. Волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана институт, колледжден 10 команда катышты.

Эки жумага созулган кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында 1-орунду камсыздаган Гуманитардык-технологиялык колледжи 20 миң сом акчалай сыйлык менен, 2-орунду ээлеген табигый-техникалык факультети 15 миң сом акчалай сыйлык менен, 2-орунду алган экономика жана башкаруу факультети 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Иш-чара ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Спартакиада жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин демөөрчүлүгү астында дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть