Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2022-жылдын 17-22-февраль күндөрү КУАУнун бардык факультеттеринин, институттун студенттерине туунун тарыхы, мааниси тууралуу тематикалык лекциялар өткөрүлүп, видеоматериалдар көрсөтүлдү.
4-март күнү КУАУнун башкы окуу имаратынын алдында Мамлекеттик тууга жана 5-март — Ак калпак күнүнө карата «Менин туум — менин сыймыгым» аттуу флешмоб уюштурулду.