2022-жылдын 1-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистигинин студенттери Каракол шаардык кеңешинин иши менен таанышып, окуу жайдан алган теориялык билимин практика жүзүндө бекемдеп келишти.
Шаардык кеңештин төрагасы Туратбек Акимканов студенттерге Каракол шаарынын өнүгүүсү үчүн алдыга коюлган пландар менен бөлүшүп, студенттерге накыл сөздөрүн, кеп-кеңешин айтып, окууларына ийгилик каалап өттү.
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Эрмек Майрыков экскурсия уюштуруп, бөлүмдөрдүн иши менен тааныштырып, кеңири маалымат берди.