9:24 9 март 2022

ЫМУда «Мамлекеттик символдор — улуттук байлыктар» аттуу куратордук саат өткөрүлдү

2022-жылдын 2-мартында Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика, туризм, тарых факультетинин Т-21 жана Э-21 тайпаларында Мамлекеттик туу күнүнө арналган «Мамлекеттик символдор — улуттук байлыктар» аттуу куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасынын символикалары жөнүндө студенттерге тереңирээк маалымат берүү, патриоттук сезимди ойготуу, Ата Мекенди сүйүүгө, аны менен сыймыктанууга тарбиялоо.

Куратордук сааттын жүрүшүндө видеороликтер, слайд-презентация, группалык оюндар болду.

Т-21 жана Э-21 тайпаларынын куратору И.Борубаева студенттерди мамлекеттин символикаларын ыйык сактап, ата-бабадан калган каада-салтты үйрөнүп, билим-тарбияга ээ болуп, көп улуттуу эл менен достукта, ынтымакта жашап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть