Ереван шаарында (Армения) өткөрүлгөн самбо боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин студенти Адил уулу Алымбек 98 килограмм салмак ченинде күч сынашып, күмүш байгенин ээси болду.
Турнирге 23 өлкөнүн самбисттери катышкан. Мелдеш жаштар жана өспүрүмдөр арасында өттү.