Өзбекстандын Навои тоо-кен иштери жана технологиялык университетинин илимпоз-педагогдору тарабынан ОшТУнун энергетика факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледждин энергетика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн онлайн-лекция башталды.
Окуу жай менен Навои университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, эки тараптын илимпоз-педагогдору студенттерге энергетика багытына байланышкан бардык адистик сабактардан онлайн жана офлайн-сабактарды өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Азырынча лекциялар онлайн түрүндө окутулуп жатат. Ал эми кийинчерээк эки университеттин илимпоз-педагогдору окуу жайларга барып сабактарды өтүшмөкчү.