16-декабрда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.
Жыл аяктап баратканда салтка айланган жакшы жөрөлгөнүн ээси болуп өлкө боюнча 70 студент табылып, ар бирине 60 000 сомдон тапшырылды.
Ош технологиялык университетинен энергетика факультетинин 3-курсунун студенти Кадырбеков Элтуран Алтынбекович жана табигый-техникалык факультетинин 4-курсунун студенти Суйунбай кызы Меңдайым президенттик стипендиянын ээси болушту.