19:14 4 января 2023

ЫМУда жаңы жылга карата иш-чара өттү

27-декабрда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда жаңы жылга карата иш-чара болуп өттү.

Факультеттер аралык жаңы жылдык ырларды аткаруу жана мультфильмдеги ырларды аткаруу сынагы болуп, жыйынтыгында физика-математикалык жана табигый-техникалык факультеттин окутуучулар курамы 1-орунду алуу менен 7000 сомго, экономика, туризм жана тарых факультети менен колледждин окутуучулары 2-орунду алуу менен 5000 сомго, филология жана педагогика факультеттеринин окутуучулар курамы 3-орунду алуу менен 4000 сомго ээ болушту. Мультфильмдеги каармандардын образын жараткан окутуучулар өзүнчө акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошондой эле ф.и.д., профессор А.Абдыкеримова, п.и.к., Н.Чолпонкулова, ага окутуучу Ч.Өмүрбекова «КР билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.

Андан тышкары, лотерея ойнотулуп, баалуу белектерди ала алышты.

Соңунда ректор А.Иманбаев жалпы жамаатты жаңы жылга карата акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть