15:01 3 марта 2023

ЫМУнун окутуучулары үчүн сабак өтүүнүн айрым заманбап усулдары боюнча мастер-класс өтүлдү

2023-жылдын 2-мартында “Чет тилдер” кафедрасынын ага окутуучусу И.Ж.Иманакунова Филология факультетинин жамаатына сабак өтүүнүн айрым заманбап усулдары боюнча мастер-класс өттү. Мастер-класста группаны топторго бөлүүнүн критерийи, “Табу”, “Мамиле” ыкмалары, аларды сабакта колдонуунун жолдору тууралуу тааныштырылып, окутуучулар аларды топторго бөлүнүп, практика жүзүндө аткарып көрүштү. “Табу” ыкмасы окуучу же студенттердин жаңы маалыматты түшүндүрүп же сүрөттөп берүүдө стандарттуу аныктамалардан качып, материалды изденүү менен кызыктуу баяндап берүү принцибине негизделген. Бул окуучулардын, студенттердин эске тутуусун, ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө, сөз байлыгын өнүктүрүүгө жардам берет. Сабакта жаңы сөздөрдү өздөштүрүүдө, жаңы теманы өтүүдө, топтор менен иштөөдө колдонсо болот.

Ал эми “Мамиле” сабакта жагымдуу маанай түзүп алууну шарттайт, группадагы окуучулардын же студенттердин өз ара бири-бири менен алака-катышын күчтөндүрөт, тапкычтыгын, ой-жүгүртүүсүн өстүрөт жана инсандын психологиялык абалына байкоо жүргүзүүгө, ага жараша туура мамиле кылууга, кылдаттыкка үйрөтөт. Бул ыкманы сабактагы кайтарым байланышта, тарбиялык сааттарда, ата-энелер чогулушунда колдонууга болот.

Мастер-класс абдан кызыктуу болуп, окутуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Алар бул ыкмалар сабакта пайдалуу болорун, студенттердин чыгармачылык тараптарын ачууда, группадагы өз ара мамилелерин жакшыртууда, жаңы теманын негизинде сабакты бышыктоодо эффективдүү болорун бир ооздон белгилешип, И.Ж.Иманакуновага ыраазычылыктарын билдиришип, чыгармачылык ийгилик каалашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть