15:00 3 марта 2023

ОшМУ менен М.В. Ломоносов атындагы ММУнун ортосунда кызматташуу келишимдерине кол коюлду

Москва шаарында Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съезди өтүп жатат. Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация да катышууда.

Съезддин алкагында 2-мартта ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен ММУнун "Ломоносов" атындагы борборун ОшМУда ачуу боюнча келишимге кол коюшту. Андан сырткары эки окуу жайдын ректорлору туризм (бакалавриат), эл аралык мамилелер, математика жана компьютердик илимдер, колдонмо математика жана информатика (магистратура) багыттарында кош дипломдуу билим берүү программалары боюнча да келишимге кол коюшту.

Бүгүнкү күндө Евразиялык университеттердин ассоциациясы университеттердин беделдүү жана таасирдүү эл аралык уюму болуп саналат. Анын курамына КМШ өлкөлөрүнүн улуттук университеттери, алдыңкы регионалдык университеттери жана Евразиядагы жогорку окуу жайлары кирет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть