17:52 12 май 2023

ОшТУ «Тең төрт кыбыла» көргөзмөсүнө катышты

ОшТУнун жеңил өнөр жай кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы студенттер менен биргеликте эл аралык долбоорго катышты.

Долбоор «Тең төрт кыбыла» деп аталып, Швейцария өкмөтүнүн колдоосу жана «Кудук» маданий борборунун коомдук фондунун чакан гранттарынын алкагында ишке ашып жатат. «Тең төрт кыбыла» көргөзмөсү салттуу улуттук курак куроо техникасын жана панно түзүүнү камтыган көркөм жана дизайнерлик чыгармалардын көп түрдүүлүгүн сунуштоо менен мурас — куракты сактап калуу жана жайылтууну максат кылат. Студенттер бул долбоорго катышуу үчүн жеңил өнөр жай тармагындагы багыттар боюнча окутуучулар менен биргеликте мастер-класстарды өткөрүшүп, кол өнөрчүлүк, кийим тигүү, мода, конструкция боюнча практикадан өтүшкөн.

Эл аралык долбоордун алкагында ОшТУнун студенттери «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде өткөрүлө турган көргөзмөгө катышып жатышат. Көргөзмөнүн ачылышында ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев бүгүнкү күндөгү салттык көркөм өнөрдүн баалуулугуна токтолуп, бардык катышуучуларга ийгилик каалады. Көргөзмөгө өздөрүнүн эмгектери менен катышкан окутуучуларга жана студенттерге уюштуруучулар тарабынан сертификаттар тапшырылды.

Көргөзмөдө колдо жаралган көркөм эмгектер коюлуп, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть