17:15 20 мая 2023

Андижан машина куруу институтунун студенттери конокто

Өзбекстандын Андижан машина куруу институтунун студенттери жана окутуучулары ОшТУда келишти.

Өзбекстандан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, ОшТУнун студенттери менен пикир алмашты. Сабактарга катышып, өздөрүндөгү окутуу менен ОшТУдагы окутуу тууралуу маалыматтарды айтышып, жылуу пикирлерин билдиришти. ОшТУнун жаштар комитетинин төрагасы Н.Мамасалиевдин жетекчилиги менен келген коноктор шаар кыдырып, байыркы Өзгөн шаарындагы архитектуралык эстеликтер менен тааныштырылды.

Бир топ жылдардан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча дүйнөнүн бир канча мамлекеттери менен кызматташып келет. Бул программанын алкагында мындан ары дагы Өзбекстандын жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу улана бермекчи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть