18:03 29 сентябрь 2023

Кырыгызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтөт

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралардын алкагында 3-4-октябрь күндөрү «Достук» ордендүү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында Кырыгызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи эл аралык форуму уюштурулат.

Форумга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 40 ректор, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан 40 жетекчи катышат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Өзбекстандын билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси, КР мамлекеттик катчысы катышат.

2 күнгө созулган форумда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери билим берүү жана илим изилдөө ж.б. багыттар боюнча эки тараптуу келишимдердин түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк табышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть