2025-жылдын 9-апрелинде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Түрк маданияты жана түрк тили күнү белгиленди.
Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем баштаган элчиликтин өкүлдөрү, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Мекин Мустафа Кемаль Окем элчи болуп дайындалгандан кийинки окуу жайлар менен кызматташуу багытында алгачкы кадамы БМУдан башталгандыгын айтты. Ал жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, студенттер менен болгон жолугушуудан таасирленгенин белгиледи.
Салтанат алкагында студенттер тарабынан түрк маданиятын чагылдырган концерттик программа тартууланды.
Бул күн БМУ менен Түркиянын ортосундагы достукту жана маданий кызматташтыкты чыңдаган маанилүү кадамдардын бири катары бааланып, келечекте билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдеп, ар түрдүү долбоорлордун үстүндө бирге иш алып баруу маселеси талкууланды.