12:44 18 мая 2017

КМУда иран элинин акыны Фирдоусинин «Шахнамэ» китебинин кыргыз тилинде жарык көргөн китебинин бет ачаары болду

Иран элинин улуу акыны Абулкасым Фирдоусунун күнүнө жана анын «Шахнамэ» китебинин кыргыз тилинде жарык көргөн китебинин бет ачаарына арналган тегерек отурум 15-майда КМУнун конференц залында болуп өттү.

Отурумга Кыргызстандын Иран Республикасындагы элчиликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы белгилүү, өмүрү өрнөк инсандар: окумуштуу-илимпоздор, коомдук, маданий ишмерлер, студенттер катышты.

Алгы сөз КМУнун ректору, профессор Т.А.Абдырахмановго жана Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбеханиге берилди.

Ректор Т.Абдырахманов: «Акыркы жылдары биздин университетте перс тилин үйрөнүүнү каалаган студенттердин саны көбөйүүдө. Эки элдин ынтымагы күн сайын бекемдеп, билим берүү, маданият тармактарында алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын көрүп жатабыз», – деген пикирин билдирип жатып, иран элинин улуу акыны Абулкасым Фирдоусунун «Шахнамэ» чыгармасына токтолуп өттү.

Куттуктоо сөздөрү менен Топчубек Тургуналиев, Мелис Абакиров, Төлөгөн Мамеевдер чыгып, чыгарманы орус тилинен кыргыз тилине которгон Баяс Туралга ыраазычылыктарын билдиришти.

Илимий баяндамачылар өздөрүнүн докладдарын окушуп, аталган тема боюнча талкуу жүргүзүштү.

Соңунда, тарыхчы Баяс Турал аталган эмгек тууралуу кыскача: «Чыгармада Ирандын акылман шахы Ферудин жана анын үч уулу Ираж, Салим жана Турдун өмүрү жана көптөгөн баатырдык баяндары чагылдырылат. Арабстан, Иран жана Туран элдеринин бири-бири менен болгон мамилелери, иш-аракеттери өтө жогору деңгээлде сүрөттөлүп, акын акыйкаттыкты, даанышмандыкты, чечендикти, берешендикти жана баатырдыкты кеңири чагылдырган», – деп баса белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть