11:38 17 февраля 2020

ОГПИдеги факультеттердин студенттери ортосунда «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы өттү

14-февралда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жайдын 95 жылдыгына жана Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата факультеттер ортосунда студенттер аралык «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Аталган иш-чара студенттерди китеп окууга чакыруу, билимдүү жаштардын ар тараптуу мүмкүнчүлүккө ээ болуп жатканын жайылтуу максатында институтун Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Мында окуу жайдын ар бир факультетинен тандалып алынган студенттик командалар ат салышып, жаштар өздөрүнүн билим деңгээлин, ой жүгүртүү чеберчилигин жана акыл чабытын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Оюнга жалпы 6 команда катышып, алар жобого ылайык «Жалпы суроо», «Сыр сандык», «Сүрөттөр сурайт» жана «Тест менен иштөө» багыттары боюнча таймаш курушуп, мыктылар аныкталды. Студенттердин акылын аныктаган аталган оюн турдүү багыттагы маанилүү курч суроолор, кызыктуу жооптор менен коштолду.

Жыйынтыгында байгелүү 3-орунга гуманитардык факультет, 2-орунга табият таануу жана география факультети, ал эми 1-орунга колледждин командасы чыкты.

Иш-чаранын жыйынтыктоо бөлүгүндө окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев студенттерге дем-күч берип, туура жолго багыт көрсөтүп жаткан бул сыяктуу иш-чаралар үзгүлтүксүз болорун айтуу менен жеңүүчүлөрду куттуктап, баалуу белектерди, дипломдорду тапшырды.

Бул күндүн урматына буга чейин да студенттер арасында китеп окуу сынагы өтүп, анда улуу жазуучу Чыңгыз «Тоолор кулаганда» чыгармасы боюнча тест өткөрүлгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть