16:24 29 ноября 2018

Таласта «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы күз мезгили» аттуу сынак өттү

Талас мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ч.Айтматовдун  чыгармаларындагы күз мезгили» деген темада «Күзгү бал – 2018» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Сынакта командалар Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы күз мезгили боюнча сахналык көрүнүштөрдү аткарышып, обондуу күз кайрыктарын ырдашып, күзгү күлкү тартуулашып, бий жана күз модасы боюнча өнөрлөрүн көргөзүштү. Сынактын жыйынтыгында бирдей упайлар менен табият таануу жана педагогика факультети менен гуманитардык факультети 1-орунду, технология-экономика факультети 2-орунду, кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн  студенттери 3-орунду алышып, ТалМУнун  ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Бардык командалар чыгармачылык изденүү, актердук чеберчилик, өз таланттарын мыкты деңгээлде көрсөтүшүп, Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын образдарын жаратуу аркылуу жазуучунун көркөм дүйнөсүнө жакындан аралаша алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть