2019-жылдын 27-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Медициналык пунктунун капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземи болуп өттү.
Медициналык пунктка университет тарабынан эмеректер, медициналык каражаттар алынган. Медициналык пунктту студенттер үчүн заманбап дарылануучу жайга айландыргандыгы үчүн КУАУнун ректору Р.Нургазиевге Бишкек шаарынын Студенттик поликлиникасы тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.
Иш-чарага окуу жайдын ректору Р.Нургазиев, проректорлор, декандар жана медициналык кызматкерлер, Бишкек шаарынын Студенттик поликлиниканын башкы дарыгери М.Жороев катышты.