Ош технологиялык университетинин «ENACTUS» командасы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган жармаңке уюштурулду.
Аталган иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты.
Жармаңкеде студенттердин колунан жасалган даамдар, жер-жемиш, мөмө-жемиштер арзан баада сатыкка коюлду. Сатыктан түшкөн каражат «ENACTUS» командасынын бизнес-долбооруна жумшалмакчы.