Жакында Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде «Тил жана укук. Социалдык тармактар. Интернеттеги комуникациянын этикалык нормалары» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Иш-чарага И.К.Ахунбаев атындагы КММАдан 3 студент: Г.Рысбекова,Н.Кавулбеков, А.Токтобек уулу катышып, баяндама жасашты.
Ал эми 2-курстун студенти Гүлназик Рысбекова конференциянын жыйынтыгында 1-орунду ээлеп, биринчи даражадагы диплом менен сыйланды. Анын илимий жетекчиси Медакадемиянын кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Салтанат Домасбековага сертификат тапшырылды.