Ош технологиялык университетинде Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан түзүлгөн кыздар кеңеши жана окуу жайдын Жаштар комитетинин кыздар кеңеши тарабынан 14 жаштан 28 жашка чейинки кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдеште 23 команда ат салышты. Жыйынтыгында 3-орунду «Көк-Бел-2» курама командасы, 2-орунду «Борбор курулуш» курама командасы, ал эми 1-орунду «Ош Датка» курама командасы камсыз кылышты. Жеңүүчүлөр уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан даярдалган кубок, диплом, акчалай жана баалуу белектерге ээ болушту.
Иш-чара кыздардын ынтымагын бекемдөө, биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу, спортко кызыктыруу жана жаштарды сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган.