14:02 22 мая 2020

ОшТУнун студенттери бизнес баштоонун жолдорун үйрөнүштү

2020-жылдын 22-майында Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультети тарабынан студенттер үчүн «Заманбап эл аралык программалар боюнча сапаттуу билим-бизнеске жол ачкычы» аттуу онлайн конок лекция болуп өттү.

Аталган вебинарда ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Бизнести башкаруу» (МBA) магистрдик программасынын башчысы, докторант Нурлан Атабаев кеңири маалымат берди.

Вебинарда студенттерди билим алуу үчүн эмнеге умтулуу керектиги, убактыларын туура бөлүштүрүү, долбоорлорго активдүү катышуу, чет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайларда стажировкалардан өтүү, чет тилдерин, маалыматтык технологияны терең өздөштүрүү, интернет ресурстарындагы кайсы маалыматтык базалар менен иштөө, студенттердин өз алдынча иштөөдө эмнеге көңүл буруу зарылчылыктарын айтып өтүү менен биргеликте окутуучуларга дагы тиешелүү заманбап билим берүү программалары, эмгектерине патент, автордук укук алуу боюнча кеңири токтолуп кетти.

Вебинар суроо-жооп менен коштолуп, студенттер жана окутуучулар берген суроолоруна жооп алышты.

Вебинарды модератор катары э.и.к., доцент Мурат Абдиев жана ага окутуучу Кеңешбек Маатов алып барып, экономика жана башкаруу факультетинин, ОшМУнун, К.Токтомаматов атындагы ЭАУнун окутуучулары жана студенттери дагы катышты.

Нурлан Өзгөновичке окуткан окутуучуларынын атынан э.и.д.. проф. А.Ташбаев жана э.и.к., доцент А.Кутманбекова жана студенттер конок лекторго студенттерге заманбап билим алууга жана келечектеги кесипке болгон кызыктуу мотивация бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришип, карантинден кийин реалдуу жана онлайн форматта учурдагы актуалдуу болгон экономиканын көйгөйлөрүнө байланыштуу темаларда сабактарды өтүп берүүнү суранышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть