17:28 22 апреля 2021

ОшТУда жаш илимпоздордун жана студенттердин илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү

Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде «Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин IV аймактык илимий-практикалык конференцияcы гибриддик (аралаш) форматта өткөрүлдү.

Иш-чара жаш илимпоздордун жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий–изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу максатында уюштурулуп, конференцияны ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, профессор Мурзабек Сагыналиев ачып берди. Конференциянын модератору, ОшТУнун илим бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Тешебаева Зулумкан конференциянын кадырлуу конокторуна сөз берди.

Коноктор катышуучуларга ийгиликтерди каалап, жаңы илимий ачылыштарды, технологияларды, инновацияларды жайылтууга чакырды. Конференциянын пленардык отурумуна Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Өзбек университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жаш илимпоздору, студенттери жана профессордук окутуучулук курамы активдүү катышты.

Аталган конференция 47 секцияда иш алып барып, 9 илимий багыт боюнча өткөрүлдү.

Жыйынтыгында эң мыкты баяндамалардын авторлору ОшТУнун I, II, III даражадагы дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть