20:22 25 октября 2021

ОшТУнун Өзгөндөгү институтунда COVID-19дун алдын алуу иштери уланууда

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда COVID-19дун алдын алуу иштери уланууда.

Өзгөн район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, врач Т.Кожошев жана эпидемолог К.Тойчиев, Өзгөн райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун терапевт-врачы А.Турсунова жана медайым М.Кыдыргычева студенттерге COVID-19 жана анын азыркы учурдагы кездешип жаткан түрлөрүнө кеңири токтолуп, бул ооруга каршы күрөшүүдө кандай чараларды пайдалануу менен өзүн жана үй-бүлөсүн, жолдошторун сактап калуунун жол-жоболору боюнча лекция жана мастер-класстарды өтүштү. 

Алар ошондой эле колду кантип жуушту, антисептикти жана бет капты кандай пайдалануунун натыйжалуу жолдорун практика жүзүндө көрсөтүп берүү менен студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришти.

Маалымат үчүн: институттун кызматкерлери 98%, 18 жашка толгон студенттери 94% COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть