17:18 10 декабря 2021

ЫМУда Адам укуктарын коргоо күнүнө карата семинар өттү

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде КР акыйкатчысынын Ысык-Көл областындагы өкүлчүлүгү менен бирдикте 10-декабрь — Адам укуктарын коргоо күнүнө карата семинар өткөрүлдү.

Семинарга акыйкатчынын орун басары А.Колопов, Ысык-Көл областынын прокуратурасынан, областтын Ички иштер башкармалыгынан өкүлдөр, укук коргоочулар, студенттер, окутуучулар катышты.

1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган Адам укуктарынын эл аралык декларациясы тууралуу студенттерге маалымат берилип, адам укуктарынын Конституцияда берилиши тууралуу айтылды. Конституцияда жазылган Адам жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерине көзөмөлдү акыйкатчы жүргүзөт. Укук коргоо органдарынын ар бир структурасынын аткаруу функциялары, миссиялары, жаштардын укуктары, милдеттери кенен айтылып өттү.

Семинарда адам укуктары менен бирге милдеттери тууралуу илимий баяндама окутуучу Э.Качкынова тарабынан жасалды.

Семинарда жалпы дүйнөлүк адам укуктары боюнча маалыматтар берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть