16:45 19 мая 2022

КМУда «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы студенттик демилгелер форуму өтүп жатат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен ОшМУнун ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде КМУда «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат.

Форум агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Форумдун расмий ачылышы 19- майда И.Арабаев атындагы КМУнун башкы корпусунун алдында болуп өттү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлзада Билбаева, маданият жана маалымат министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, ОшМУнун Кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров, Баткен мамлекеттик университетинин проректору Абиба Саматова баштаган өкүлдөр, Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев жана КУУнун студенттери, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, КМУнун биринчи проректору Айгүл Абдраева жана окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлардын активист студенттери, студенттик уюмдардын, студенттик клубдардын лидерлери катышышты.

Келген коноктор форумдун расмий ачылышында окуу жайдын алдындагы Ишеналы Арабаевдин эстелигине гүл коюшуп, студенттер даярдаган флешмобго күбө болушту. Форумдун алкагында студенттер «Мамлекеттик жаштар саясаты: жаңы көз караштар, мамилелер жана стратегиялар» аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясына, спорттук жана маданий иш-чараларга катышты.

ОшМУдан келген делегациянын курамында 32 студент бар.

Аталган конференция И.Арабаев атындагы КМУда 19-20-май күндөрү өтөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть