17:16 28 сентября 2022

ЫМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда бизнес-тренинг болуп өттү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (бизнес-инкубатор) 22-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын жаштар кеңешинин төрагасы Салих Шаршенов жана стартап идеяларын ишке ашырып, азыркы учурда алардын натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн инвестицияларды тартуу үстүндө иштеп жаткан Бектур Алимов, Айдана Нуриева, Нурсулуу Касымовалар менен факультеттерде жана колледждерде студенттерден жана профессордук-окутуучулук курамдан түзүлгөн бизнес/стартап командалар менен бизнес-тренинг болуп өттү.

«Бул иш-чаранын негизги максаты инкубатордун бизнес-командаларындагы студенттерге, профессордук-окутуучулук курамга алардын ишкердик ишмердүүлүгүн жана инновациялык идеяларын уюштурууда жана андан ары өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү болуп саналат. Окуу жайыдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов катышып, студенттик Бизнес-инкубатордун максаты — өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, кошумча жумушчу орундарды түзүү жана экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүү, ал эми стартап идеяларын ишке ашыруу, бизнес пландарын түзүү сыяктуу иштөөнү каалаган студенттерге, профессордук-окутуучулук курамга көрсөтүлүүчү уюштуруучулук чаралар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук шарттар жаратылгандыгын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө бизнес-инкубатордун жеңүүчүлөрү чакан ишкердиктин инновациялык ишмердүүлүгү маселелери боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле студенттер, профессордук-окутуучулук курам стартап долбоорлорун/бизнес идеяларын ишке ашыруу, илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштелмелерин жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселесинде кызыктыргын суроолоруна керектүү жоопторду жана зарыл болгон маалыматтарды алышты», - деп билдирди борбордун директору Б.Алымкулов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть