19:12 28 апреля 2023

КЭУда «Эгемен Кыргызстан: жаштар жана заманбап чакырыктары» талкууланды

19-апрелде Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетиниин Экономика жана сервис колледжинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган «Эгемен Кыргызстан: жаштар жана заманбап чакырыктар» аталышында эл аралык, ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ролун жана анын маанисин, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн, азыркы Кыргызстандагы көйгөйлөр жана келечекке болгон көз караштарын талкуулоо максатында уюштурулган конференциянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

1. Эгемен Кыргызстандагы экономикалык жана саясий-укуктук процесстер.

2. Мамлекет менен бийликтин, коомдун жана инсандын актуалдуу маселелери: жаштардын көз карашы.

3. Санариптик мейкиндикте жаштардын социалдык активдүүлүгү.

4. Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү.

5. Уюмду башкаруу тармагындагы заманбап чакырыктар.

6. Кыргызстандагы туризмдин көйгөйлөрү жана келечеги.

7. Студенттик өзүн-өзү башкаруу жана жаштардын кесиптик карьерасын башкаруу.

8. Коомдук тамактануу тармагындагы өндүрүштүн инновациялык технологиялары.

9. Жаштар жана ишкердик.

Иш-чараны КЭУнун ректору А.Кадыралиев, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент Г.Супаева ачып беришти. Андан тышкары, пленардык жыйында чакырылган коноктор баяндама жасашты:

  • Шерипов Нурлан Турганбекович, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;
  • Мамыталы кызы Камила, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын укуктук жана уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн консультанты

Маселелерди талкуулоого Казакстандын жана Кыргызстандын төмөнкү окуу жайларынын студенттери катышты:

  • Ал-Фараби атындагы КазНУ колледжи.
  • Актөбө жогорку политехникалык колледжи, Казакстан Республикасы
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
  • МУКтун Бишкек инновациялык колледжи
  • М.Т. Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи
  • Кыргыз-Орус (Славян) университетинин колледжи (КРСУ)
  • Бишкек архитектура, курулуш менеджменти колледжи

Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Бардык катышуучуларга сертификаттар, баяндамалардын илимий жетекчилерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть