10:09 6 декабря 2023

ОшТУнун ректору эл аралык илимий конференцияга катышты

Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинин филология факультетинде Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматов жана дүйнө адабияты» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Илимий конференциянын алкагында Ч.Айтматовдун борбору ачылды.

Аталган конференцияга Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору анын катарында Ош технологиялык университетинин ректору, Жанболот Турсунбаев катышып, Фергана мамлекеттик университети менен таанышып келди. Иш-чарада Ж.Ж. Турсунбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, конференциянын иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында боордош эки элдин жалпы баалуулуктарынын жана асыл максаттарынын символу катары «Достук дарагы» отургузулду.

Конференциянын катышуучулары университетте түзүлгөн чыгармачылык чөйрө менен таанышып жатып, филология факультетинин Ибрайым Юсуфтун чыгармачылыгына арналган окуу кабинетинде да болушуп, өзбек жана каракалпак элинин сүйүктүү акыны Ибрайым Юсуповдун чыгармачылыгы тууралуу маек курушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть