18:05 11 января 2022

Улуттук университет Баткендеги «Дөбө» орто мектебине гуманитардык жардам берди

2022-жылдын 10-январь күнү КУУнун ректору Канат Садыков Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Дөбө» орто мектебинин директору Тиллебай Курбанбековго 13 компьютер, 1 принтер жана 1 интерактивдүү доскадан турган техникалык каражаттарды тапшырды.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде Канат Садыков аталган мектеп бекеринен тандалбаганын, ал мектепте Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары окуурун, министрликтен жана райондон ушул мектепти камкорчулукка алгыла деген сунуш болгонун айтып, Улуттук университеттин эмгек жамааты бир күндүк маяна өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкенин, ал каражатка «Дөбө» мектебине керектүү эмеректер жана техникалык каражаттар алынганын, эмеректер буга чейин берилгенин билдирди жана аталган мектептин директору Тиллебай Курбанбековго техникалык каражаттарды тапшырды.

Тиллебай Курбанбеков чек ара тилкесинде жайгашкан «Дөбө» орто мектебине жардам бергендиги үчүн Улуттук университетке жалпы элдин, мугалимдер менен окуучулардын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Жыйынга Улуттук университеттин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев), административдик жана чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаев, башкы бухгалтер Рысхан Абдырахманова жана түзүм башчылары катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть