21:24 10 марта 2023

КЭУ менен Санкт-Петербург экономика университети 2023-2024-жылдар ичинде да кызматташат

2-мартта Москва мамлекеттик университетинде Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съездинин алкагында М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору А.Кадыралиев жана Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин ректору И.Максимцев университеттер арасында 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол койду.

Келишимге ылайык, тараптар билим берүү программаларынын иштешинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, академиялык билимге көмөк көрсөтүүгө багытталган жалпы максаттарга жетүү үчүн билим берүү, усулдук жана илимий маселелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн ишеним жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүгү кызматташуусун камтыйт.

2-мартта Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съезди, 3-мартта Евразиялык тармактык университеттин форуму өткөн.

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык изилдөө университетинин (ИИУ КЭУ) атынан аталган окуу жайдын ректору Алмаз Кадыралиев катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть