КЭРдин «Бир алкак — бир жол» долбоорунун негизинде Пекин химиялык технологиялар университетинде өткөрүлгөн «Билим берүү менен өндүрүштүн интеграциясы» аталышындагы эл аралык илимий форумда ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Усенов «Илимий жетишкендиктерди өндүрүштө колдонуу: ЖАМУдагы илимий жетишкендиктер, өндүрүштө биргелешип иштөөнүн натыйжалары» деген темада кызыктуу баяндама жасады.
Илимий форумга Европа, Азия, Африка континенттеринин 20дан ашуун өлкөлөрүнөн окумуштуулар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМУнун жетекчиси Пекин химиялык технологиялар университети менен билим берүү, академиялык байланыштарды түзүү, илимий-иштерди биргелешип жүргүзүү багытында эки тараптуу келишимге кол койду. Аталган окуу жайдын жетекчиси Тан Тианвей менен дипломатиялык маек уюштурулду.
Мындан сырткары, Малазия Монаш университети, РФнын Томск мамлекеттик университети, Египет илим изилдөө университети, КЭРдин Шандун провинциясындагы Qilu университеттери менен ар түрдүү багытта байланыштарды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.