17:21 24 сентября 2018

КМУнун окуу иштери боюнча проректору Т.Коңурбаев «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун жетекчисин кабыл алды

21-сентябрда КМУнун окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаев окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун жетекчиси Шахзад Шахабуддин Митхан жана долбоордун орун басары Чынара Омуркулованы кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда тараптар биргеликте иш алып барууну жана келечекте аткарыла турган иштер жөнүндө кеңири маек курушту. Жолугушууга чейин долбоордун жетекчиси Шахзад Шахабуддин Митхан долбоордун негизинде бирге иш алып барууну сунуштап, И.Арабаев атындагы КМУнун жана ОшМУнун жетекчилигине кайрылуу жөнөткөн.

Долбоордун негизги максаты  «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун иш-аракеттери, Билим берүү министрлиги менен биргеликте, билим берүү системасынын негизги компоненттерин бекемдөөгө басым жасалат. Методисттер жана китепканачылар үчүн китеп окуу жаатында сапаттуу окуу программаны ишке ашыруунун жолдору жана учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтар берилет.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору ар түрдүү окуу ресурстарды, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык, кошумча окуу материлдарды мектептерге берет. Ошондой эле долбоордун катышуучуларынын окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө коомчулук менен тыгыз байланышта болот.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору КР Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен тыгыз байланышта болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть