13:21 25 октября 2018

КМУга башка ЖОЖдордон келген студенттер «Манастын уулу Семетей» аттуу спектаклди кѳрүп келишти

И.Арабаев атындагы КМУга ОШМУ менен ОГПИден академиялык мобилдүүлүк боюнча келген студенттер Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында болуп ѳткѳн «Манастын уулу Семетей» аттуу спектаклди кѳрүп келишти. Элдик эпостун негизинде жазылып, коюлган бул пьеса бардык муундагы адамдарга, айрыкча, жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма.

Окуя Семетейдин төрөлүшү менен башталып, андан кийин анын бөтөн жерде эр жетип, кайрадан ата туурун издеп элине келгени, жерин жердегени менен аяктайт. Ата ордун баскан эр-азамат, элин-жерин коргоп, көптөгөн эрдиктерге баш койгон даңазалуу баатырлардан болот.

Спектакль драматург Жалил Садыковдун чыгармасынын негизинде жаралып, койгон режиссеру Эгемберди Бекболиев.

Аталган чыгарма 30 жылдан бери сахнадан түшпѳй, бүгүнкү күндѳ да кѳптѳгѳн күйѳрмандардын колдоосуна ээ болуп келе жатат. Театрдын актерлору каармандардын ролун мыкты деңгээлде ачып, чыгарманын негизги кульминациясына жетти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть