13-февралда КМУнун студенттери тарабынан уюштурулган «You smile» командасынын кезектеги «Тамашоу» оюну өттү. Ага жалпысынан 10 команда катышып, алардын арасынан мыкты деп табылган 6 команданын ортосунда оюн жүрдү. Алар: «Kg star», «А4», «46 Юниор», «Жигиттер», «Металл микс», «Дыкын-дыш».
«Бүгүнкү кеченин негизги максаты – жаштардын кѳңүлүн кѳтѳрүп, талантын ачуу менен бирге кыргыз тилин ѳнүктүрүү. Бишкек шаарындагы орто мектептердин окуучуларынын, ЖОЖдун студенттеринин арасында түзүлгѳн командалардын ортосунда кызыктуу таймаш болду», - деп билдирди уюштуруучу Н.Кенжебаев.
Оюндун соңунда мыкты тамашаларды кѳрсѳткѳн командалар жеңүүчү деп табылып, аларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.