14-февралда КМУнун Ч.Айтматов атындагы чоң жыйындар залында «Кайрымдуу бол, замандаш!» аттуу кайрымдуулук иш-чарасы белгилүү эстрада жылдыздарынын коштоосунда болуп ѳттү.
Иш-чара КМУнун студенттери Баястан жана Абайдын колдоосу менен уюштурулуп, ага эстрада ырчылары Байыш Момунов, Мирлан Жетигенов, Аваз Акимов ж.б. катышып, андан чогулган каражат кичинекей Айдана аттуу кыздын жакындарына тапшырылды. Соңунда Айдананын ата-энеси, жакындары уюштуруучуларга жана кѳрүүчүлѳргѳ терең ыраазычылык билдиришти.