15:50 19 мая 2022

КУАУда Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

2022-жылдын 19-майында К.И.Скрябин атындагы КУАУда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата «Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдын чыгаан жазуучусу» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин профессор-окутуучулары жана студенттери катышышты.

Мыкты илимий баяндама жасаган студенттерге грамоталар тапшырылды.

Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин 1-курсунун студенттери төмөнкүдөй баяндама жасашты:

1. Кожокеева Каухар, темасы — «Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыз адабиятына кошкон салымы» (илимий жетекчиси: кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу С.С.Далбаева);

2. Аскыралиев Тилек, темасы — «Түгөлбай Сыдыкбековдун котормолору» (илимий жетекчиси: кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу Далбаева С.С.);

Агрономия жана токой чарбасы факультетинин 1-курсунун студенттери төмөнкүдөй баяндама жасашты:

1. Канатбекова Айгерим, темасы — «Биздин замандын кишилери чыгармасынын мүнөз түзүү проблемасы» (илимий жетекчиси: кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы, ф.и.к. Өсүбекова Г.Т.);

2. Түмөнбаева Нуркыз, темасы — «Тоо балдары чыгармасында балдардын жашоосунун чагылдырылышы» (илимий жетекчиси: кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы, ф.и.к. Өсүбекова Г.Т.);

3. Мусаев Талгат, темасы — «Көк асаба чыгармасындагы каармандардын ролу» (илимий жетекчиси: кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу Асанова З.С.);

4. Шергазиева Миргүл, темасы — «Көк асаба чыгармасынын тарбиялык мааниси» (илимий жетекчиси: кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу Асанова З.С.);

5. Качкынбаев Жумаш, темасы — «Көк серек чыгармасындагы жаратылыштын чагылдырылышы» (илимий жетекчиси: кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу Далбаева С.С.).

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть