17:20 1 ноября 2023

КМУда профессор Кубан Мамбеталиевдин 70 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү

1-ноябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист, публицист, дипломат, профессор Кубан Мамбеталиевдин 70 жылдыгына арналган «Журналистика: илим, билим жана тажрыйба» аталышында тегерек стол болуп өттү.

КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева юбилярга куттуктоо сөзүндө кыргыз демократиялык журналистикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Кубан Мамбеталиевге бекем ден соолук жана өсүп келе жаткан журналисттерге бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, насаатчы болуп жүрө беришин каалап кетти.

Тегерек столдун жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлиги,  Жазуучулар союзу, Журналисттер бирикмесинин атынан өкүлдөр келип, Кубан Мамбеталиевди 70 жылдык юбилейи менен куттукташты.

Кубан Мамбеталиевдин кесиптештери, замандаштары, аспиранттары, университеттин журналистика бөлүмүнүн студенттери «Профессор К.И.Мамбеталиевдин чыгармачылыгындагы ар тараптуулук» аттуу фильмди бирге көрүп, тегерек столдун форматы «Демократиялык журналистиканын башатында» жана «Академиялык журналистикадагы жаңычылдык, чеберчилик» (Журналистиканын кадрларын даярдоо) аталышындагы 2 багытта ой бөлүшүү эркин формада уланды.

Филология илимдеринин доктору, профессор Кубан Мамбеталиев учурда И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун журналистика бөлүмүндө эмгектенет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть